Кытай - Германия футболка кризиси

Кытай футболкаларды сатуунун токтотулушу жана дагы кенен түрдө кечирим суралышы керектигин билдирди

690172
Кытай  - Германия футболка кризиси

Кытай Германияга өлкөдө сатылган кээ бир футболкаларда кытайлыктарга акаарат сөздөр жазылган деген негиз менен базардан алынышын жана өндүрүүчү фирмаларды да кечирим суроого чакырды.

«Синьхуа» кабар агенттиги Кытайдын Берлин элчилигинин үстүндө англис тилинде «Бир итти куткарып, бир кытайлыкты жегиле» жана «Бир китти куткарып, бир кытайлыкты жегиле» деп жазылган футболкалардын интернеттен сатылышын токтотуу үчүн немис мекемелерине кайрылгандыгын белгиледи.

Футболканы саткан фирма Кытайдан келген каршылык боюнча мындан мурда жасаган кечирим суроо маалыматында этникалык тек, улут жана дин тууралуу бөлүүчүлүк жана акаарат камтыган сөздөргө тыюу салынгандыгын белгилеген болчу. Бирок Кытай бул маалыматтардын жетерлик эмес экендигин белгилеп, футболкаларды сатуунун токтотулушу жана дагы кенен түрдө кечирим суралышы керектигин билдирди.

 



Тектеш кабарлар