Түндүк Корея ракеталарын сыноону улантууда
Япония менен Түштүк Корея да жаңы ракета сыноолорунан улам Түндүк Кореяны айыптады
Түндүк Корея бардык каршы чыгууларга карабастан ядролук сыноолорун улантууда.
Пионгиянг башкаруусу жекшемби күнү кечинде бири биринин артынан 4 ракетасын сынады. Япон деиңзине түшкөн ракеталардын географиялык аралыгы кыска болсо да саясий аралыгы абдан узун эле.
Ошондуктан биринчи каршылык АКШдан келди. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «АКШ, Корея Демократиялык Эл Республикасынын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин долбоорлорун бузуу менен бул түнү ишке ашырган баллистикалык ракета сыноосун күчтүү түрдө айыптайт»,- деп айтылды.
Министрликтин катчы өкүлү Марк Тонер АКШнын өзүн жана союздаштарын кол салууларга каршы коргоо жана коркутууларды жок кылуу үчүн бардык жөндөмдүүлүктөрүн колдонууга даяр экендигин билдирди.
Япония менен Түштүк Корея да жаңы ракета сыноолорунан улам Түндүк Кореяны айыптады.
Түштүк Кореянын башкы штабынын төрагалыгы Япон деңизине карай 1000 километрге жакын аралыкты өткөн ракеталардын түрүнү карап жаткандыгын билдирди.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.