Мусулда абал

Ирактын армия бөлүктөрү Ирактын армия бөлүктөрү

676793
Мусулда абал

Ирактын армия бөлүктөрү Мусулду террордук уюм ДЕАШтан куткаруу операциясынын негизинде шаардын батышында террордук уюм нефть рафинериясы катары колдонгон аймакта текшерүүнү колго алды.

Ирак армиясынан берилген маалыматта ДЕАШтын Каййара аймагында басып алган чийки нефтини нефть продукцияларына айландыруу үчүн колдонгон Атшана кырка тоолорунун текшерүү астына алынгандыгы белгиленди.

Мусулдун террордук уюм ДЕАШтан тазаланышы үчүн Ирак армия бөлүктөрү, пешмерге күчтөрү жана көпчүлүгү Башика лагериндеги түрк аскерлери машыктырган Нинова маджахиттери 17 -  октябрда башталган операциянын негизинде армия бөлүктөрү шаардын чыгышында текшерүүнү колго алган болчу.

Ирактын премьер – министри Хайдар ел  - Ибади болсо бир канча күн мурун берген маалыматында Мусулдун батыш жагынын ДЕАШтан кайра алынышы үчүн аскердик операция баштатылгандыгын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар