Францияда качкындарга жардам берген дыйканга колдоо
Ницца жаза соту тарабынан 3 миң евро акчалай жаза берилген дыйкан Седрик Херро үчүн Ницца прокурорлугу апелляциялык сотко барды
Франциянын Италия чек арасында баш калкалоочулардын Францияга өтүшүнө жана өлкөдө жашоосуна жардам берди деген негиз менен жазаланган дыйканга прокуратурадан колдоо келди.
Ницца жаза соту тарабынан 3 миң евро акчалай жаза берилген дыйкан Седрик Херро үчүн Ницца прокурорлугу апелляциялык сотко барды. Ницца башкы прокурору Жан-Мишель Претре басма сөзгө берген маалыматында Херрого берилген жазага нааразычылык билдирип апелляциялык сотко алып баргандыгын жарыялады. Херро да социалдык бөлүшүү сайты фейсбуктагы эсебинен прокурорго рахмат айтты.
Баш калкалоочулардын чек арадан өтүшүнө жардам берип жана 50гө жакын эритериялык качкынды мамлекеттик темир жолдорго таандык эски бир имаратка жайгаштырып, мыйзамды бузуу кылмышы менен соттолгон Херрого Ницца соту тарабынан 3 миң евро акчалай жаза берилген болчу.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.