Жон Николсон Талибанга каршы аскерлерге муктаждыктын бар экендигин билдирди

Армиянын генералы Николсон жаңы Америка башкаруусунан Афганстандгы аскер санын көбөйтүүнү талап кыларын белгиледи

669848
Жон Николсон Талибанга каршы аскерлерге муктаждыктын бар экендигин билдирди

АКШнын Афганстан күчтөрү командирлигинин армиянын генералы Жон Николсон бул өлкөдө Талибанга каршы жүргүзүлгөн күрөштө дагы көп аскерге муктаждыктын бар экендигин билдирди.

Талибанга каршы күрөштө кээ бир актерлордун кийлигишүүсү менен беттешкендерин айткан армиянын генералы Николсон Талибанды мыйзамдаштырган жана колдогон, Афганстандын ырааттуу бир өлкө жаратуу аракеттерине тоскоол болгон кээ бир тышкы актерлор, өзгөчө да Пакистан, Орусия жана Ирандын таасири тууралуу тынчсызданууларынын бар экендигин белгиледи. Дагы таасирдүү болуу үчүн бир канча миң аскерге муктаждыктын бар экендигин билдирген америкалык командир жардамдын Түндүк Атлантика Келишими Уюмунун союздаштарынан же өз өлкөсүнөн болушу мүмкүн экендигин айтты.

Армиянын генералы Николсон жаңы Америка башкаруусунан Афганстандгы аскер санын көбөйтүүнү талап кыларын белгиледи.



Тектеш кабарлар