Япония АКШга жаңы экономикалык сунуштарды кылат

Абэнин Вашингтонго жаңы сунуштар менен бара турганын белгиленди.

668862
Япония АКШга жаңы экономикалык сунуштарды кылат

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин Америка Кошмо Штаттарынын президенти Донльд Трампка эки өлкөнүн ортосунда министрлер кеңеши деңгээлинде иш планын сунуштоосу күтүлүүдө.

Япон өкмөтүнөн бир жооптуу кызматкер жума күнү Трамп менен жолугушуусу пландалган Абэнин Вашингтонго жаңы сунуштар менен бара турганын белгилеп кетти.

Абэнин Америка тарабына соода, коопсуздук жана макро экономикалык темаларда министрлер кеңеши деңгээлинде сүйлөшүүнү сунуштай турганы божомолдонууда.

Ошондой эле Дональд Трамп, кызматын баштоосунун себебинен мындан мурда өзүнө куттуктоо катын жөнөткөн Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге ыраазычылык катын жиберди.

Ак үйдүн жарыясына караганда Трамп, катында эки өлкөгө тең пайдасы тие турган конструктивдүү карым-катнаштарды өнүктүрүү тилегин билдирди.



Тектеш кабарлар