Рухани Трамптын туура эмес ойлоп жатканын айтты
Рухани түз эфирде маалымат берди
![Рухани Трамптын туура эмес ойлоп жатканын айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/77c0/f280/681d/588c6a34de2e7.jpg?time=1719156378)
Ирандын президенти Хасан Рухани АКШнын президенти Дональд Трампка атомдук келишимдин ал ойлогондой эмес экенин айтты.
Рухани мамлекеттик телеканалдын түз эфирдеги программасында, Трамптын ойлогонунан тескерисинче Иран менен 5+1 өлкөлөрүнүн ортосунда 2015-жылы түзүлгөн атомдук келишимдин эки тарапка тең пайда алып келген «пайда тап-пайда тап» келишими экенин белгиледи.
Рухани бул келишимдин аймактагы чыңалууну басаңдатуу үчүн колдонулса болоорун сөз кылды.
Ирандын президенти: «АКШнын жаңы президенти атомдук келишимдин текстин окуп чыкты бирок кабыл албай жатат. Ал мунун тарыхтагы эң жаман келишим экенин айтууда. Бул пайда алып келүүчү келишим. Атомдук сүйлөшүүлөр аймакка коопсуздук жана ырааттуулукту алып келүү максатындагы берки сүйлөшүүлөргө түрткү боло алат»,- деп айтты.
2015-жылдагы келишим аркылуу Ирандын атомдук программасында чектөөлөр коюлган учурда бул өлкөгө киргизилген санкциялардын жоюлушунда макулдашылган болчу.
Орусия, Кытай жана Европа өлкөлөрү келишимдин учурдагы абалынын корголушун кааласа, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху жана Трамп келишимге Иранга карай дагы да катуу чара көрүүлөрдүн кошулушун жакташууда.
Эки лидердин 15-февралда өткөрө турган эки тараптуу жолугушуусунда да бул теманын каралышы күтүлүп жатат.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719156379)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719156379)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.