Трамп НАТОго ишеним берди

Трамп менен Столтенберг телефон аркылуу сүйлөштү

665930
Трамп НАТОго ишеним берди

АКШнын президенти Дональд Трамп НАТОго кызматташууга убада берди.

Дональд Трамп НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ак үйдүн билдирүүсүндө Трамп менен Столтенбергдин, Вашингтондун НАТОго көрсөткөн колдоосу жана НАТОнун берки мүчөлөрүнүн коргонуу каражаттары боюнча убадаларын орундатуулары үчүн эмнелер жасалса болоорун сүйлөшкөндөрү белгиленди.

Билдирүүдө: «Айрыкча тараптар Украина чек арасындагы кагылышууга тынчтыкчыл чечүүчү жолду сүйлөштү. НАТОнун бетме-бет келген бардык коопсуздук маселелери темасында жакын байланыш жана кызматташууну улантуу боюнча макулдашышты. Президент Трамп май айынын аягында Европада өтө турган НАТОнун лидерлер саммитине катыша турганын билдирди»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар