Кар көчкүнүн кесепети

Ооганстанда кар көчкү жүрдү

666062
Кар көчкүнүн кесепети

Ооганстандын чыгышындагы Нуристан аймагындагы бир айылда кар көчкү жүрүп, 50 адам каза тапты.  

Жергиликтүү жооптуу кызматкерлер, өлкөдө акыркы үч күндүн ичинде ушуга окшогон кырсыктардан каза тапкандардын санынын да 100гө жакындаганын билдиришти.

Маалымдалгандай Ооганстанда буга чейин болуп көрбөгөндөй кар жаап, 34 аймактын 22синде адамдардын жабыркашына, көп сандаган кишинин да жаракат алышына себепчи болду.

Пакистандын түндүгүндөгү Читрал аймагында да бир айылды кар көчкү басып калып 16 адам көз жумду.



Тектеш кабарлар