Трамптын НАТОну сындоолору

Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер, Америка Кошмо Штаттарынын жаңы президенти Доналд Трамптын НАТО тууралуу ойлорун айтып берди.

658758
Трамптын НАТОну сындоолору

Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер, Америка Кошмо Штаттарынын жаңы президенти Доналд Трамптын «НАТОнун уюштуруу максатына ылайык иш кылган же натыйжалуу болгонун ойлобогонун», айтты.

Спайсер күнүмдүк маалымат жыйынында өлкөнүн жаңы Коргоо министри Жеймс Маттистин «Вашингтондун НАТО шериктештиги менен баш тартылгыс байланышы болгону» жөнүндөгү маалыматынын эске салынганы боюнча Трамптын бул темага байланыштуу көз караштарын билдирди.

Спайсер: Трамптын АКШнын НАТОго которгон акчасы менен бул мекемеден алынган натыйжаны салыштырганын жана жыйынтыктарды жетиштүү деп таппаганын айтып: «Ал, НАТОнун уюштуруу максатына ылайык иш кылган же натыйжалуу болгонун тастыктабайт»,-деди.

Министр Маттисдин сөздөрүнүн НАТО жана буга окшогон мекемелердин кантип дагы жакшы иштей турганы жөнүндө реформа сунуштары жагынан карала ала турганын түшүндүргөн Спайсер, Трамптын НАТОго байланыштуу жыйынтыктарга ыраазы эместигин айтты.

НАТОнун баш катчысы Йенс Стольтенберг менен кечээ телефон аркылуу сүйлөшкөн Жеймс Маттистин, «НАТОнун АКШ үчүн абдан маанилүү болгонун жана Вашингтондун шериктештикке көз карандылыгын коргой турганын» айтканы белгиленген.

АКШнын президенти Дональд Трамп мындан мурдагы жарыяларында НАТОнун эми «иштиксиз» болгонун жана АКШнын бул мекемеге «ашыгы менен акча которгонун» жактаган.



Тектеш кабарлар