Иран АКШны Астанада калабайт
Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф Вашингтон башкаруусунун катышуусуна каршы экендерин билдирди
Иран Астанада 23 - январда боло турган Сирия сүйлөшүүлөрүндө АКШнын катышуусун каалабай жатат. Тегеран башкаруусу Орусиянын АКШга берген Астана чакыруусуна каршы экендигин жарыялады. Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф Вашингтон башкаруусунун катышуусуна каршы экендерин билдирди. Зариф : «Биз аларды чакырган жокпуз жана алардын ал жерде болушуна каршыбыз»,- деди.
Түркия жана Орусиянын жол башчылыгында Астанада боло турган сүйлөшүүлөр Сирияда 30 - декабрда жарыяланган ок атышпоолордон кийин тынчтык жолунда таштала турган экинчи кадам катары мүнөздөлүүдө. Сүйлөшүүлөрдө Асад күчтөрү менен оппозициячылдардын арасында макулдашуунун түзүлүшү максат кылынууда.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кечээ берген маалыматында АКШны да Астанага чакырып жана Трамп башкаруусу менен алгачкы жолугушууну Астанада өткөрө аларын белгилеген.
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да АКШнын Астана сүйлөшүүлөрүнө катышуусу тууралуу Орусия менен бирдей пикирде экендерин айткан.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.