Мосулдагы акыркы абал

Ирак армиясы Мосулда дагы 4 мааланы каратып алды.

649408
Мосулдагы акыркы абал

Иракта Мосулду куткаруу операциялары уланып жатканда террор уюму ДЕАШтын Эд Дуббат мааласына 6 «Катюша» ракетасы атылып бир үй-бүлөдөн 11 киши каза тапты.

Ирак армиясы Мосулда дагы 4 мааланы каратып алды жана шаардын түштүк чыгыш жагындагы Тигр дарыясынын жээгине жетти.

Жайгашкан жерлери жок болгон террор уюму болсо жарандарды бутага алып жатат.

Шаардан көчүп кеткендердин саны 173 миңден ашты.

Мосулдун террор уюму ДЕАШтан тазаланышы үчүн Ирактын армия бөлүктөрү, Пешмерге күчтөрү жана чоң көпчүлүгүн Башика лагериндеги түрк аскерлери машыктарган Нинова сакчылары 17-октябрда операциясын баштаган.



Тектеш кабарлар