Орусия өткөн жылы Сирияда негизги кызматты орундатты

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу маалымат берди

648300
Орусия өткөн жылы Сирияда негизги кызматты орундатты

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Сириядагы орус аба күчтөрүнүн өткөн жылы Орусиянын президенти Владимир Путин тарабынан белгиленген негизги кызматты орундаткандарын айтты.

Кыйынчылыктарга жана эл аралык коалициянын колдоосуна зарыл болгондоруна карабастан тилекке каршы булардын камсыздалбаганын белгилеген Шойгу: «Бул абал ал жерге (Сирия) учак кемесин, кошумча аба күчтөрүн жана аскердик полицияларды жайгаштырууга аргасыз кылды»,- деди.

Шойгу Сириядагы терроризмге каршы күрөшүү аракеттерине Орусиянын эч жардам көрсөтпөгүнүн жактаган АКШнын коргоо министри Эштон Картердин өлкөлөрдү алмаштырып жатканын белгиледи.

Шойгу Картердин Орусияга байланыштуу сөздөрү үчүн: «Кесиптешимдин пикирине кошула албайм»,-деди.

Орусиянын башкы штабынын төрагасы Валерий Герасимов да орус аба күчтөрүнүн Сириядагы террордук топторго каршы операция баштаган 2015-жылдын сентябрь айынан бери ДЕАШка таандык 174 мунай зат өндүрүүчү ишкананын жок кылынганын билдирди.

Герасимов ДЕАШтын камсыз кылуу системасынын талкаланганын, негизги киреше булагынан да ажыратылганын баса белгиледи.

Муну менен катар орус учактарынын операция башталган күндөн бери террордук топторго 71 миң жолу абадан операция жүргүзгөнүн баяндаган Герасимов, ушул эле мезгилде Сирияда 12 миң 360 чарчы километр кеңдиктеги аянттын террордук топтордон кайра алынганын белгиледи.



Тектеш кабарлар