Андрей Карлов акыркы сапарына узатылууда

Карлов үчүн коштошуу зыйнаты өткөрүлдү

635742
Андрей Карлов акыркы сапарына узатылууда

Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов акыркы сапарына узатылууда.

Куралдуу кол салуудан көз жумган Карлов үчүн Москвада Орусиянын Тышкы иштер министрлигинде жаназы зыйнаты өткөрүлдү.

Ага Орусиянын президенти Владимир Путин, премьер-министри Дмитрий Медведев жана тышкы иштер министри Сергей Лавров да катышты.

Карловдун сөөгү Тышкы иштер министрлигинин алдында катафалкка салынды.

Путин элчинин жубайы Марина Карловго көңүл айтты.

Орус элчи Андрей Каловдун аты Министрликтин шейиттер тизмесине киргизилди.

Карлов үчүн орус проваслав чиркөөсүндө да коштошуу зыйнаты өткөрүлдү. Аны патриарх Кирилл жетектеди.

Орусиянын президенти Путин элчи Карловдун жаназа зыйнатына катышуу максатында бүгүн өткөрө турган жылдык жыйынын жылдырган болчу.



Тектеш кабарлар