АКШ Сирияда коопсуз аймактарды түзөт
Трамп: «Ал жердеги адамдарга жардам көрсөтөбүз. Сирияда коопсуз аймактардын түзүлүүсүнө жардам беребиз»
![АКШ Сирияда коопсуз аймактарды түзөт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e6de/7720/13ba/5853c6c2e40b3.jpg?time=1719070032)
Президент Режеп Тайип Эрдогандын Сирияда коопсуз аймактын түзүлүүсүнө карата бир канча жылдан бери айтып келе жаткан чакырыгына жооп кайтарылды.
АКШда 8-ноябрда өткөрүлгөн шайлоодо президент болуп шайланган Дональд Трамп, өлкөсүнүн Сирияда «коопсуз аймактарды» түзө турганын айтты.
АКШ медиасында орун алган маалыматарга караганда Трамп Пенсильвания штатынын Херши шаарындагы сөз сүйлөөсүндө, Сирияда болуп жаткандардын өтө капага салуучу экенин айтты.
Трамп: «Абдан кайгыга салуучу. Ал жердеги адамдарга жардам көрсөтөбүз. Сирияда коопсуз аймактарды түзөбүз. Ал жерде коопсуз аймактардын түзүлүүсүнө жардам беребиз»,-деп айтты.
Коопсуз аймактардын түзүлүүсү менен Сириядагы адамдардын бир мүмкүнчүлүккө ээ болоорун белгилеген Трамп, долбоорго жумшалган каражаттарды Булуң өлкөлөрүнөн талап кылаарын айтты.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719070033)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719070033)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.