Сириядагы абал

Сергей Рябков Вашингтон башкаруусу менен Сириядагы оппозициячылдар тууралуу келишим түзө алышпагандарын билдирди

628628
Сириядагы абал

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Вашингтон башкаруусу менен Сириядагы оппозициячылдар тууралуу келишим түзө алышпагандарын жарыялады.

Сергей Рябков : «Вашингтон кабыл алынгыс шарттарда катуу тургандыктан келишим түзүлө алган жок. Батыштык агенттиктердин берген отчету чындыктар менен дел келбейт»,- деди. Рябков өлкөсүнүн адамдарды ишенимдүү түрдө Алепподон чыгаруу үчүн керектүү шарттарды түзүүгө аракет кылгандыгын жактады. Сириялык оппозициячылдар болсо Орусия жана АКШнын өздөрүнө сунуш бергендигин билдирди. Ушул боюнча куралдуу оппозициячылдардын, үй – бүлөлөрүнүн жана башка жарандардын Алепподон коопсуз түрдө чыгууларына шарт түзүлөт.

Эгер оппозициячылдар оң жооп бере турган болсо сунуш 48 сааттын ичинде ишке ашат. Бир тараптан режим күчтөрү жана Орусия аскердик учактары Алепподо оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы аймактарды бомбалоону улантууда.

Алепподо алдыга жылып бара жаткан Асад күчтөрү болсо түштүктөгү Палмира байыркы шаарын кайрадан ДЕАШка алдырды. Ошол эле учурда ЮНИСЕФ Алепподогу балдардын өлкөдөгү эң жаман зомбулуктарга дуушар болгондорун жана абдан чоң трамва жашашкандарына көңүл бурду. 5 – 6  жаштагы балдардын билгендери бир гана согуш жана бомба экендигин айткан ЮНИСЕФ жетекчилери Алепподогу жарым миллиондон ашуун балага жардам үчүн 100 миңден ашуун адиске муктаждыктын бар экендигин билдирди.



Тектеш кабарлар