Фукусимадан жайылган радиация АКШга чейин жайылды

Жайылган радиациянын зыянынын жок экендиги билдирилди

627567
Фукусимадан жайылган радиация АКШга чейин жайылды

2011 - жылы Японияда болгон жер титирөө жана цунамиден кийин зыян тарткан Фукусима  атомдук станциясынан чөйрөгө жайылган радиация АКШга чейин жайылды. Изилдөөчүлөр Орегон аймагында Тилламук булуңу жана Голд жээгинде деңизден алынган үлгүлөрдө Фукусимадагы атомдук апааттан кийин ортого чыккан "Сезиум 134" деп аталган радиоактив заттын аныкталгандыгын билдирди. 

Төмөнкү деңгээлдеги радиоактивдүү заттын адамдын ден соолугуна жана экологияга коркунучунун жок экендиги белгиленди. Ушул эле радиокативдүү зат эң биринчи Канаданын British Columbia аймагынын жакындарында табылган. 

2011 - жылы 11 -  мартта Японияда болгон 9 баллдык жер титирөө жана андан кийин болгон цунами Фукусима атомдук станциясында радиоактивдүү заттардын чыгышына себеп болгон. 

 

.



Тектеш кабарлар