ЮНИСЕФ сириялык балдарга жардам берүүгө чакырды
ЮНИСЕФ бул жылы жалпы 700 миң баланы сууктан коргоону максат кылууда
![ЮНИСЕФ сириялык балдарга жардам берүүгө чакырды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2884/0a4e/c55a/5847f6bd5c71d.jpg?time=1719174541)
Сирияда жарым миллионго жакын балага гуманитардык жардам жеткириле албай жатат. Сириялык балдардын абалына көңүлдөрдү буруу үчүн БУУнун Балдарга Жардам Фондунун Германиядагы филиалы тарабынан Берлинде пресс жыйын өткөрүлдү.
Сириянын курчоо астындагы 16 шаарында балдардын жардам ала албагандыгына көңүл бурган уюм «чукул түрдө жана дагы бир жолу» балдарды коргоого чакырды.
ЮНИСЕФтен берилген маалыматта Алепподогу кагылышуулардын балдарга терең таасир тийгизгендиги, кагылышуунун коркунучтары менен бирге суу, азык – түлүк жана дары – дармек менен камсыз кылуудагы маселелердин балдар үчүн кыйынчылык жараткандыгы айтылды. Уюм үйүндө болгон миңдеген балдардын коргоосуз жана суукта калгандыгын баса белгиледи.
Бирок ЮНИСЕФтин билдиргенине караганда бир гана Алепподо эмес, Сириянын башка аймактарында да бомбалоолор жана курчоодон улам балдар коркунуч астында. 6 миллионго жакын баланын жардамга муктаж экендигин билдирген уюм балдардын жарандык согуштун алтынчы кышында да оору жана суук менен күрөшүп жаткандыгына көңүлдөрдү бурду.
ЮНИСЕФтин маалыматтарына караганда бул жылы Сирияда мектептер бутага алынган кол салууларда 69 бала каза болуп, көпчүлүгү да жараланды. Сириядагы мектептердин үчтөн бир бөлүгүнүн жабык экендигин маалымдаган уюм мүмкүн болушунча көптөгөн баланын мектепке барышы үчүн аракет кылынгандыгын белгиледи.
Сирияда партнер уюмдар менен кызматташтык түзгөн ЮНИСЕФ муктаж болгон үй – бүлөлөргө жууркан жана кышкы кийимдерди таркаткандыгын жарыялады. ЮНИСЕФ бул жылы жалпы 700 миң баланы сууктан коргоону максат кылууда. Бирок жетекчилер бул максатка жетүү үчүн жардамга муктаж экендигин белгилешүүдө.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719174542)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719174542)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.