Израилдин отурукташуу саясатына каршымын

Керри, борбор шаар Вашингтондо Бруукингс институтунун Сабан форумунун конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Палестина-Израиль темасына сереп салды.

624004
Израилдин отурукташуу саясатына каршымын

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Жон Керри, Израилдин Палестинанын территориясында жаңы отурукташуу жерлерин курууну улантышынын эки өлкөнүн ортосундагы тынчтыктын түзүлүшүнө тоскоолдук болгонун айтып, Израилдин коркунучтуу бир жерге баратканын жарыялады.

Керри, борбор шаар Вашингтондо Бруукингс институтунун Сабан форумунун конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Палестина-Израиль темасына сереп салды.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун Сабан форумунда сүйлөгөн сөзүндөгү «отурукташуу саясатынын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тоскоол болбогону» жөнүндөгү сөздөрүнө каршылык көрсөткөн Керри: «Нетаньяхунун отурукташуу саясатынын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тоскоол болбогону жөнүндөгү сөздөрүнө кошулбаймын. Өзүбүздү алдоонун кажети жок. Бардык нерсени көрмөксөнгө салып таасири болбогонун айта албайсыз»,-деди.

Изарилдин Палестина менен болгон маселесинин жалгыз эле ушул эки өлкөнү кызыктырбаганына көңүл бурган Керри, Израиль-Араб өлкөлөрүнүн ортосундагы карым-катанштардын да бул кагылышуудан таасир алганын белгиледи.

Жон Керри: «Израиль Палестина менен карым-катнаштарын оңдобой туруп, Араб дүйнөсү жана Израилдин ортосунда өзүнчө бир тынчтык келишими болбойт»,-деп айтты.

Керри, Израилдин эки мамлекеттүү чечим табуу үчүн изденүүнү жана отурукташуучу саясатын бир убакта уланта албай турганын белгилеп, экөөнүн бирөөнү тандашы керектигин айтты.



Тектеш кабарлар