Кытайда абанын булганышына кызгылт-сары түстөгү белги берилди

Пекинде 3 күн бою таасирдүү болушу күтүлгөн абанын булганышынын тыгыздыгынын себебинен бүгүн түнү кызгылт-сары түстөгү белги берилет.

621903
Кытайда абанын булганышына кызгылт-сары түстөгү белги берилди

 

Кытайдын борбор шаары Пекинде 3 күн бою таасирдүү болушу күтүлгөн абанын булганышынын тыгыздыгынын себебинен бүгүн түнү кызгылт-сары түстөгү белги берилет.

3 күн улана турган кызгылт-сары түстөгү белги берилгенде билим берүү мекемелеринде тышкарыда боло турган иш-чаралар жоюлат жана курулуш иштери токтотулат.

Пекиндин метеорология башкармалыгы да шаарга таасирин тийгизе турган абанын булганышынын суук аба-ырайынын таасири менен жекшемби күнү кечинде таркашы күтүлгөнүн жарыялады.

Абанын булганышында экинчи даражадагы жогорку коркунуч түшүнүгүн берген кызгылт-сары түстөгү белги, абадагы зыяндуу заттардын көлөмүн өлчөгөн РМ 2,5 катнашы эң аз 3 күн бою 150нүн үстүндө болушу күтүлгөндө берилет.

Дүйнөдө парник таасирин берген газдардын эмиссиясы жагынан Кытай биринчи орунда турат.  Өзгөчө акыркы эки жылдан бери өлкөнүн ар башка аймактарында адамдар олуттуу абанын булгануу коркунучу астында жашап жатат.

Өлкөдө абанын булганышын белгилөөчү система көк, сары, кызгылт-сары жана кызыл түс болуп төрт баскычта ишке ашырылат.



Тектеш кабарлар