Папуа-Жаңы Гвинеяда жер көчкү болду
Күбөлөр жер алдында калган 100дөн ашуун адамдын каза болгонун билдирип, каза болгондор расмий бийлик тарабынан тастыктала элек.
2143667
Тынч океандын түштүк тарабындагы Папуа-Жаңы Гвинеяда болгон жер көчкүдөн 100дөн ашуун кишинин каза болгону болжолдолууда.
Австралиянын коомдук ABC телеканалынын маалыматына караганда, Папуа-Жаңы Гвинеянын Энга провинциясындагы Каокалам кыштагында түн ичинде жер көчкү жүрдү.
Күбөлөр жер алдында калган 100дөн ашуун адамдын каза болгонун билдирип, каза болгондор расмий бийлик тарабынан тастыктала элек.