Зеленский Украина Тынчтык саммитинин биринчи жалпы сессиясында сөз сүйлөдү

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина Тынчтык саммитинин тынчтыктын түзүлүшү үчүн чыныгы планды суна аларына ишенгендигин айтты.

2153388
Зеленский Украина Тынчтык саммитинин биринчи жалпы сессиясында сөз сүйлөдү

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина тынчтык саммитинин тынчтыктын түзүлүшү үчүн чыныгы планды суна аларына ишенгендигин айтты. 

Зеленский кечээ Швейцариянын Бургенсток шаарында өткөн Украина тынчтык саммитинин биринчи жалпы сессиясында сүйлөгөн сөзүндө  Украинада адилеттүү тынчтыкка кантип жана кандай конкреттүү кадамдар менен жетүүгө болорун катышуучулардын чечиши керектигин  белгиледи.  

Зеленский саммиттин  Украинада жана Европа континентинде коопсуздукту калыбына келтирүүнүн мүмкүн экенин далилдей аларын белгилеп : "Кадамдарды сиздер менен бирге таштайбыз",- деди. 

Россиянын саммитке катышпагандыгын белгилеген Зеленский : "Эмне себептен? Анткени Россия тынчтыкты кааласа согуш болмок эмес",- деп баа берди. 

Зеленский бүткүл дүйнө үчүн адилеттүү тынчтык деген эмнени билдирерин жана ага чындап туруктуу түрдө жетүү үчүн  биргелеше чечим чыгаруу керектигин баса белгиледи. 

Зеленский ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путиндин ок атышууну токтотуу шарттарын «ультиматум» катары сыпаттады.

Украинанын президенти Зеленский Путиндин ок атышпоого карата шарттарын  “ультиматум" катары мүнөздөдү.

 



Тектеш кабарлар