Вьетнамдагы өрт: 14 адам каза болду

Батирдин кире беришиндеги электр велосипед дүкөнү түн ичинде белгисиз себептерден улам өрттөндү.

2143717
Вьетнамдагы өрт: 14 адам каза болду

Вьетнамдын борбору Ханойдогу бир батирде чыккан өрттөн алгачкы маалыматтарга караганда 14 киши каза болуп, 6 киши жаракат алды.

Батирдин кире беришиндеги электр велосипед дүкөнү түн ичинде белгисиз себептерден улам өрттөндү.

Имарат туурасы 2 метр болгон кууш көчөдө жайгашкандыктан өрт өчүрүү кызматына кыйынчылык жаратты.

Болжол менен 1 сааттын ичинде көзөмөлгө алынган өрттө алгачкы маалыматтарга караганда 14 киши каза болуп, 6 киши жаракат алды.

Вьетнамдын Жалпы статистикалык кеңсесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, үстүбүздөгү жылдын төрт айында өлкөдө 555 өрт жана жарылуу катталды.

28 киши каза болуп, 26 киши жаракат алган өрт жана жарылуулар 3,5 миллион долларга жакын материалдык чыгымга алып келди.



Тектеш кабарлар