Россия : "Украинага таандык 114 учкучcуз учуучу аппаратты жок кылдык"

Министрликтен берилген билдирүүдө Киев башкаруусунун бүгүн түнү Россиянын жерлериндеги элементтерге кол салгандыгы маалымдалды.

2154724
Россия : "Украинага таандык  114 учкучcуз учуучу аппаратты жок кылдык"

Россиянын Коргоо министрлиги бүгүн түнү Украинанын 114 учкучсуз учуучу аппаратынын жок кылынгандыгын билдирди. 

Министрликтен берилген билдирүүдө Киев башкаруусунун бүгүн түнү Россиянын жерлериндеги элементтерге кол салгандыгы маалымдалды. 

Кол салууга бөгөт коюлгандыгы билдирилген маалыматта : "Крым жана Кара деңиз аркылуу 70, Краснодар аймагында 43, Волгоград аймагында да  1 учкучсуз учуучу аппараты орус абадан коргонуу системалары тарабынан жок кылынды",- деп айтылды. 

Өзгөчө Кара деңиздин түндүк батыш жагында Украинанын деңиз күчтөрүнө таандык  6 капитансыз деңиз унаасы жардырылды. 

Россиянын Краснодар аймагынын губернатору  Вениамин Кондратьев Telegram каналындагы билдирүүсүндө аймакта атылган учкучсуз учуучу аппаратынын  тетиктеринин жерге түшүшү менен  бир кишинин каза болгонун, автобекет менен жылытуу мекемесинин жабыркагандыгын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар