БУУ Газадагы акыркы абал тууралуу маалымат берди

БУУнун басма сөз катчысы эгер Газага чоң өлчөмдөгү жардам берилбесе, ачарчылык жана үмүтсүздүктүн күчөй турганын эскертти.

2143564
БУУ Газадагы акыркы абал тууралуу маалымат берди

Бириккен Улуттар Уюму  Газага чоң көлөмдөгү жардам берилбесе ачарчылык жана үмүтсүздүктүн күчөй турганын эскертти.

Бириккен Улуттар Уюмунун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында Газадагы акыркы абал тууралуу маалымат берди.

Рефах чек ара дарбазасынын жабылышы жана Керем Абу Салим чек ара дарбазасынын тейлөөсүнүн чектелишинен улам Газага куткаруучу жардамдардын чектелгендигин белгилеген Дужаррик Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) Газанын түштүгүндө  азык-түлүк бөлүштүрө албай турганын жарыялаганын айтты.

 

Дужаррик  аймактагы көптөгөн ооруканаларда керектүү күйүүчү май жана дары-дармектин жок экенин айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун басма сөз катчысы эгер Газага чоң өлчөмдөгү жардам берилбесе, ачарчылык жана үмүтсүздүктүн күчөй турганын эскертти.

 

 



Тектеш кабарлар