Нигерияда барымтадагы 64 аял жана бала эркин кое берилди

Замфара аймагынын басма сөз катчысы Сулейман Бала, армиянын куралдуу банда мүчөлөрүнө каршы операцияларды жүргүзгөнүн билдирди.

2143587
Нигерияда барымтадагы 64 аял жана бала эркин кое берилди

Нигериянын Замфара аймагында куралдуу банда мүчөлөрү тарабынан барымтага алынган 64 бала жана аял бошотулду.

Замфара аймагынын басма сөз катчысы Сулейман Бала, армиянын куралдуу банда мүчөлөрүнө каршы операцияларды жүргүзгөнүн билдирди.

Операциялардын негизинде 64 бала менен аялдын аларды уурдап кеткендер тарабынан эркин кое берилгендиги айтылды.

Замфарага массалык түрдө аскер жайгаштырылышынын багытты өзгөрткөнүн белгилеген Бала: «Бул стратегия куралдуу банда мүчөлөрүнө кысым болуп аларды коңшу өлкөлөргө качууга жана туткундарды эркин кое берүүгө мажбур кылды»,-деди.

Нигериянын көптөгөн аймактары куралдуу бандалардан тышкары террордук уюмдар Боко Харам жана ДЕАШтын Батыш Африка бутагы ISWAP террордук уюмдарынын кол салууларына да кабылууда.

Нигерияда адам уурдоо өлүм жазасы менен жазаланат, бирок кун үчүн адам уурдоо көп кездешет. Өлкөнүн түндүгүндөгү айылдарды, мектептерди жана саякатчыларды бутага алган куралчан кишилер кун талап кылышууда.



Тектеш кабарлар