Францияда куш тумоосу

Куш тумоосу жапайы канаттуулардан жергиликтүү канаттууларга жугууда

619836
Францияда куш тумоосу

Европа Биримдигинин эң чоң канаттуу өндүрүүчүсү болгон Францияда куш тумоосу дүрбөлөңү чыкты.

Европада бир топ өлкөдө аныкталган H5N8 вирусу Франциянын түндүгүндө да чыкты. Акыркы мезгилдерде Германия, Голландия жана Швейцария сыяктуу өлкөлөрдө чыккан куш тумоосу өлкөнүн Па – де – Кале аймагында 20 жапайы өрдөктө  бар экендиги аныкталды.

Франциянын айыл  - чарба министрлиги аймактагы фермерлерди вирустун жапайы канаттуулардан фермадагы канаттууларга өтүүсүнө бөгөт боло турган чараларды көрүү боюнча эскертти.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда 2003 – 2007 -  жылдардын арасында 167 кишинин каза болушуна жол ачкан куш тумоосу жапайы канаттуулардан жергиликтүү канаттууларга жугууда. 2014 -  жылы Азияда миллиондогон канаттуу фермасында канаттуулар өлтүрүлгөн.



Тектеш кабарлар