Бизди бизден уккула

Австриянын борбор шаары Венада маанилүү митинг өткөрүлдү.

618787
Бизди бизден уккула

Австриянын борбор шаары Венада Европа өлкөлөрүнүн террор уюмдарынын ордуна Түркияга колдоо көрсөтүүлөрүн талап кылуу максатында «Террорго наалат, демократияга чакыруу» аттуу митинг өткөрүлдү.

Австрияда ишин жүргүзгөн жарандык коомдук уюмдар түзгөн Демократия платформасы тарабынан борбор шаар Венадагы парламент имаратынын алдында өткөрүлгөн митингге, суук аба шарттарына карабастан көп сандаган атуул катышты.

Түркиянын Боштондук гимни жана Австриянын улуттук гимнинин ойнолушу менен башталган иш-чарада аянтка 30 чарчы метрдик чоң Түркия желеги жайылды.

Катышуучулар «Террор токтотулсун!», «Шейиттер өлбөйт, мекен бөлүнбөйт!», «Европа террорду колдобогун», «ПКК=ДЕАШ=Террор, Австрияда ПККны колдоого каршыбыз», «Жүрөгүбүз Түркия деп согот!» сыяктуу түрк жана немис тилдеринде жазылган плакаттарды көтөрүп ураан чакырышты.

Түркчө жана немисче окулган маалымат билдирүүсүндө Европа өлкөлөрүнө кайрылып террорго каршы Түркияга колдоо көрсөтүү чакырыгы ташталды.

Европа Түрк демократтар биримдигинин Австрия жетекчиси Жем Аслан, 15-июлда Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) төңкөрүш аракетинен кийин Түркия жана түрктөргө карай австриялык саясатчылардын көп жактуу мамиле кыла баштаганын, Европанын жалпысында Түркияга каршы чыгуу болуп жатканын, Австрия болсо алардын башында турганын баса белгиледи.

Аслан саясатчыларга чакырык салып: «Бизди башкаларынан угуп жатышат. Бизди жикчил террор уюму ПККны жактоочулар, ФЕТӨнү жактоочулардан угуп жатышат. Түркияга байланыштуу абалдарда элге кайрылышсын. Бизден сурашсын, биз тийиштүү маалымдоолорду жасап жатабыз, бирок укпай жатышат, биз буга каршыбыз»,-деп айтты.

Түркүлөр ырдалып жана марштар ойнолуп үч сааттай уланган митинг жаман окуя болбостон аяктады.



Тектеш кабарлар