Интерполдун жыйыны башталды

Жыйында Түркия ФЕТӨнү түшүндүрүүдө

605218
Интерполдун жыйыны башталды

Түркия, Эл аралык Полиция Уюмунун (Интерпол) жыйынында Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетин түшүндүрүүдө.

Интерполдун башкы ассамблеясынын 85-жыйыны Индонезиянын Бали аралындагы Нуса Дуа Конгресс борборунда башталды.

Быйылкы темасы «терроризмге каршы күрөшүү» болгон жыйынга 167 өлкөдөн 1 миң 360 делегат катышууда.

Түрк интерполу, мүчөлүк кайрылуусунун күн тартипке коюлуусун сунуштаган Палестина менен Косового да колдоо көрсөтөт.

Жыйында Интерполдун кезектешкен төрагасы да шайланат. Төрагалык үчүн Кытай Эл Республикасынан коомдук коопсуздук министринин орун баса Гонгвей Менг жана Намибиядан генерал-лейтенант Себастьян Ндейтунга жарышат.

Түрк жооптуу кызматкерлери жыйындын алкагында өтө турган отурумда ПКК, ЙПГ жана 15-июлда төңкөрүш аракетин жасоого аракет кылган Фетуллахчы террор уюмуна каршы Түркиянын мамилесин түшүндүрүшөт.

Көптөгөн өлкөнүн өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрө турган түрк кызматкерлери, ФЕТӨнүн төңкөрүш аракети тууралуу доклад, маалымат жана документтер орун алган флешкаларды таркатып уюмга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш жөнүндө маалымат беришет.

Аралда 10-ноябрда аяктай турган жыйын убагында 3 миң 800 полиция кызмат кылат.  



Тектеш кабарлар