ИКУнун башкы катчысы кызматынан кетти

Анын ордуна ким талапкер көрсөтүлдү?

600972
ИКУнун башкы катчысы кызматынан кетти

Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Ийяд Медени кызматынан кетти.

ИКУга караштуу Эл аралык Ислам маалымат агенттигинин кабарында, Меденинин ден-соолугуна байланыштуу кызматтан кеткени жана Сауд Аравиянын Меденинин ордуна мурдагы коомдук иштер министри Юсуф Ахмед аль-Усайминди талапкер көрсөткөнү сөз кылынды.

Медени 2014-жылдын 31-январында Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы катчылык кызматына дайындалган болчу.



Тектеш кабарлар