Бозгундарды ташыган кеме чөктү

Европага жетүүгө аракет кылган бозгундар көз жумду

598465
Бозгундарды ташыган кеме чөктү

Ливия жээктеринде бозгундарды ташыган кеме чөгүп, 90 киши көз жумду.

Ливиянын жээк коопсуздугу боюнча катчысы Эйуб Касем 29 кишинин куткарылып калганын айтты.

БУУнун Жогорку комиссарлыгынын катчысы Уильям Шпиндлер, 2016-жылы Жер ортолук деңизден өтүп Европага жетүүгө аракет кылган бозгундардан 3 миң 800үнүн каза тапканын кечээ эле маалымдаган эле.

БУУнун айтымына караганда 2016-жыл бул багытта эң көп өлүм болгон жыл катары катталды.



Тектеш кабарлар