Камерунда жүргүнчү поезд жолдон чыгып кетти

Поездин ичинде 1 миң 300 жүргүнчү болгон

594727
Камерунда жүргүнчү поезд жолдон чыгып кетти

Борбордук Африка өлкөсү Камерунда жүргүнчү поезд жолдон чыгып кетип 55 киши каза тапты, 600дөн ашуун киши жаракат алды.

Каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экени санаркатууда.

Борбор шаар Яундеден Дуала шаарына бара жаткан жүргүнчү ташуучу поезд, Есека шаарына жакын жерде жолдон чыгып кетти.

Себеби билинбеген кырсыкта айрым вагондор оодарылып кетти.

Жабыркагандарды куткаруу иштери болсо уланып жатат.

Темир жол кызматкерлеринин мамлекеттик радиого берген маалыматында, борбор шаар Яундеден Дуала шаарына каттамдарды жүргүзгөн 600 кишилик жүргүнчү поезде кырсык болгон учурда 1 миң 300 киши болгону билдирилди.

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам авто жолдогу көпүрөнүн урап калышынын себебинен көптөгөн адамдын поезд каттамын тандоого аргасыз болгону белгиленүүдө.



Тектеш кабарлар