Тажикстан-Кытай машыгуусу

Кытай менен Тажикстан, Тоолуу Бадахшан автономиялуу аймагында биргелешкен машыгуу өткөрө башташты.

593877
Тажикстан-Кытай машыгуусу

Кытай менен Тажикстан, Тажикстандын Ооганстанга чек аралаш жери Тоолуу Бадахшан автономиялуу аймагында биргелешкен машыгуу өткөрө башташты.

Тажикстандын коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Тоолуу Бадахшан автономиялуу аймагына кирип келүүчү террористтердин жок кылынышы максатталган машыгууда, 10 миң тажик аскери менен Кытай Эл Республикасынын элдик боштондук армиясына таандык генерал лейтенант Ванг Хои башкарган аскердик бөлүк катышууда.

Жөө аскер бөлүктөрү менен катар учактар, зооттолгон унаалар жана замбирекчи бөлүктөр орун алган машыгууда аскерлер тоолуу аймакта кылмышкер бандаларын таап жок кылууга карай маневр, коргонуу жана чабуул жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүшөт.

24-октябрга дейре улана турган машыгууну Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо башкарат.



Тектеш кабарлар