Samsung «Galaxy Note 7» үлгүсүндөгү телефондор тоскоолдуктарга кабылды

Канадада учак менен саякатка чыга тургандар Samsung «Galaxy Note 7» келсе тоскоолдукка кабылат.

590716
Samsung «Galaxy Note 7» үлгүсүндөгү телефондор тоскоолдуктарга кабылды

Канадада учак менен саякатка чыга тургандар Samsung «Galaxy Note 7» үлгүсүндөгү телефондорду учакта колдоно албай тургандары жарыяланды.

Канаданын Байланыш министрлиги батарейкаларынын ысып кетиши жана жарылуусу маселесине азырынча чечим таба албагандыгы үчүн Samsung «Galaxy Note 7» үлгүсүндөгү телефондун багаж менен катар бардык каттамдарга киргизилишине тыюу салуу токтомун чыгарды жана жүргүнчүлөрдүн бул үлгүдөгү телефонду жанында же багажында алып жүрө албай турганын жарыялады.

Анда «Galaxy Note 7» үлгүсүндөгү телефонду жанында, багажында же жүгүндө сактап билдирбегендерге жаза бериле турганы эскертилди.

 Министрликтин токтомунан кийин Канада аба жолдору (Air Canada) да аты аталган телефон моделдеринин учуу коопсуздугун абдан чоң өлчөмдө коркунучка салганы жана учактарга алынбай турганын жарыялады.



Тектеш кабарлар