Обама Сирия тууралуу көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолдомосун берди

Обаманын Улуттук Коопсуздук Кеңеши жыйынында Сирия калкынын кыйынчылыктарынын кандай азайтылары каралды

590071
Обама Сирия тууралуу көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолдомосун берди

АКШнын президенти Барак Обама Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Сирия кризисинин чечилиши үчүн дипломатиянын иликтениши жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлүшүн талап кылды.

Обаманын Улуттук Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү менен Сирия тууралуу жыйынынан кийин Ак Үйдөн маалымат берилди. Маалыматта террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүү жана Сирия калкынын кыйынчылыктарынын кандай азайтылары тууралуу темалардын каралгандыгы белгиленип : «Президенттин тобу Сириянын батышындагы зомбулук жана Асад режиминин өз калкына жасаган кол салуулар тууралуу бирдей пикирде жана өнөктөштөр менен  жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди»,- деп айтылды.

АКШнын Сирияда ок атууларды токтотуу үчүн Орусия менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдү токтоткондугу белгиленип, ушуга карабастан  Обаманын жарандык согушка дипломатиялык жолдор менен чечүүчү жол табууга аракет кылуусун колдоо максатында аймактан кызыкчылык күткөн маанилүү өлкөлөр менен көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу тууралуу тобуна жолдомо бергендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар