Сирия согушунан жабыркагандар

Эки күндүн ичинде көп сандаган киши көз жумду

588974
Сирия согушунан жабыркагандар

Сириянын Халеб шаарында уланып жаткан абадан кол салуудардан оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарда акыркы эки күндүн ичинде каза тапкандардын саны 145ке жетти.

Акыркы абадан кол салуулардын бири Халебдин эң чоң базарын бутага алды.

Бомбалоодо 15 киши каза болуп, айланасындагы имараттар урап калды.

Ушундай эле көрүнүш шаардын батышында да болду.

Аль-Сулаймание кыштагында бир мектепти бутага алган бомбалоодон кеминде төрт бала каза тапты.



Тектеш кабарлар