Никарагуада жер титирөө

Рихтер өлчөгүчү боюнча 5,5 баллдык жер титирөөдө бир киши каза болуп, беш киши жараланды

579321
Никарагуада жер титирөө

Орто Америка өлкөлөрүнөн Никарагуанын батышында болгон, рихтер өлчөгүчү боюнча 5,5 баллдык жер титирөөдө бир киши каза болуп, беш киши жараланды.

АКШ Геологиялык иликтөөлөр борбору эпицентри борбор шаары Манагуанын 46 километр түндүк – батышында болгон жер титирөөнүн жердин жети километр тереңдигинде болгондугун билдирди.

Өкмөт катчысы Росарио Мурилло Нагароте шаарында жетимиш сегиз жаштагы бир аялдын каза болгондугун айтты. Аймактагы Кызыл Крест директору Марсио Осо да жер титирөөнүн эпицентрине жакын Ла Пас Centroдо  беш кишинин жаралангандыгын жана алты имараттын кулагандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар