Дүйнөдө абанын кирдүүлүгү

Адамдардын 92 пайызы абанын кирдүүлүгүнөн зыянга учурап жатат

579594
Дүйнөдө абанын кирдүүлүгү

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму глобалдык абанын кирдүүлүгү тууралуу акыркы иликтөөнүн жыйынтыктарын билдирди.

Адамдардын 8 пайызынын гана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун абанын сапаты стандарттарына ылайык жерлерде жашагандыгы белгиленген маалыматта абанын кирдүүлүгү эң жогору болгон жерлердин Азия, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Батыш Тынч океан аймактары экендигин билдирди.

Отчетко караганда жыл сайын 3 миллионго жакын киши абанын кирдүүлүгүнөн өлүп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыктарында абанын кирдүүлүгүнө байланыштуу өлүм эң жогору болгон жерлер Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Афганстан, Египет жана Кытай деп белгиленген.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму абанын кирдүүлүгү жүрөк оорусу, шал жана рак сыяктуу ооруларга жол ачкандыгына көңүл буруп өкмөттөрдү чукул түрдө чара көрүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар