Турриальба вулканы кайрадан жанданды
Вулкандан бүркүгөн кара түтүн жана күлдөр учак каттамдарын да үзгүлтүккө учуратты.
![Турриальба вулканы кайрадан жанданды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7fe6/fbbf/8822/57e4bcef658b5.jpg?time=1719140587)
Борбордук Америка өлкөлөрүнөн Коста-Рикада Турриальба вулканы кайрадан жанданды.
Үч күндөн кийин кайрадан күл жана түтүн бүркүй баштаган жанар тоо жашоого терс таасирин тийгизди.
Борбор шаар Сан-Хосеге 50 километр алыстыктагы жанар тоо орто эсеп менен 4 саат бою күл жана түтүн бүркүдү.
Айланасында жашагандар эртең менен тургандарында унааларынын үстүн каптаган күл катмарына туш болушту.
Вулкандан чыккан кара түтүн жана чөйрөсүндөгү аймакка жайылган күлдөр, учак каттамдарын да үзгүлтүккө учуратты.
Жооптуу кызматкерлер борбор шаардагы эл аралык аэропортту убактылуу жапты, жүргүнчүлөр кете албай калышты.
Кара түтүн менен күл аймактагы адамдардын дем алуусун да кыйындатып, ден-соолугу начарларга маска таркатылды.
Көпчүлүгү өчкөн же уктап жаткан көп сандаган жанар тоо орун алган Коста-Рикада Турриальба вулканы активдүү алтысынан бирөөсү.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719140587)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719140587)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.