Еврейлер Израилге каршы чыгышты
Даг Хаммаршельд паркында болгон митингге салттык кийимдери менен миңдеген ортодокс еврей катышты
![Еврейлер Израилге каршы чыгышты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/08d6/0e52/1fb2/57e4d46a5efa2.jpg?time=1719155320)
Израилге каршы миңдеген ортодокс еврейлер БУУнун 71 - сессиясы жүрүп жатканда БУУнун борборунун алдында митингге чыгышты. Даг Хаммаршельд паркында болгон митингге салттык кийимдери менен миңдеген ортодокс еврей катышты.
Израилдин башта Палестина болуу менен Жакынкы Чыгышта жүргүзгөн саясаттары менен өз жарандарына карата жүргүзгөн иштерине каршы чыккан митинчилер Израилдин аскерге алуу саясатын да айыпташты.
Ортодокс еврей лидерлеринен Рабби Девид Ниедерман : «Биз динчил еврейлербиз жана динибиздин негизинде аскерлик милдетин өтөй албайбыз. Израилдин бул тууралуу саясаттарына каршы экенибизди билдирүү үчүн бул жерге чогулдук»,- деди.
«Израиль динчил еврейлерди аскердик милдетин өтөө үчүн мажбурлоону токтот» жана «Балдарыбызды аскерге албагыла» деп жазылган плакаттарды алган топ : «Аскерге барууну каалабайбыз»,- деген ураандар менен жүрүштү. Полициянын коштоосу астында өткөн митингде окулган дубалар менен түрдүү түстүү көрүнүштөр ортого чыкты.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719155321)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719155321)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.