Иранда аялдардын велосипедге минүүсүнө каршы фетва

Фетвада : «Аялдардын элге ачык жерлерде велосипедге отуруусу арам»,- деген сөздөр орун алган

575165
Иранда аялдардын велосипедге минүүсүнө каршы фетва

 Ирандын диний лидери Айетуллах Али Хаманейдин аялдардын элге ачык жерлерде велосипедге минүүсүнө тыюу салган фетва жарыялоосуна каршы чыгуулар болууда.

Ирандык аялдар фейсбук, твиттер жана инстаграм сыяктуу социалдык медиа эсептери аркылуу бөлүшкөн фотография жана көрүнүштөрдө Хаманейдин велосипедге минуунун аялдардын адеп – ахлактык жактан коркунучтуу экендигине байланыштуу  фетвасына каршы чыгышты.

Билдирүүлөрдө өлкөдөгү башка аялдар да каршы чыгууга колдоо берүүгө чакырылды. Диний лидердин офисине таандык интернет сайтынан 19 -  сентябрда жарыяланган фетвада : «Аялдардын элге ачык жерлерде велосипедге отуруусу арам»,- деген сөздөр орун алган.

Ирандын жогорку деңгээлдеги диний лидеринин фетвалары мыйзамдык өкүм мүнөзүндө.



Тектеш кабарлар