Орус армиясына таандык согуштук учактар абадан операция жүргүздү
Андан 28 адам каза болуп, 57 киши жаракат алды.
Сириянын Халеб шаарында орус армиясына таандык учактар тарабынан оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Суккери кыштагына абадан операция жүргүзүлүп андан 28 адам каза болду, 57 киши да жаракат алды.
Абадан кол салууларда көп сандаган имарат да зыянга учурады.
Суккери кыштагы шейшемби күнү да режим күчтөрүнүн кол салуусуна дуушар болгон.
Суккеридеги отурукташуу жерлери хлор газын камтыган баррель бомбасы менен бомбаланып, андан аялдар жана балдар да арасында болгон 100дөй киши ууланды.
Режимдин хлор газы менен кол салышын Түркия катуу айыптады.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, бул кол салуунун БУУнун коопсуздук кеңешинин 2218 жана 2209 номердүү мыйзамдарын ачык бузгандыгы белгиленди.
Жакындап калган Курман айт майрамынан улам эл аралык жамаатты Халебде жана Сириянын жалпысында кагылышуусуз чөйрөнү камсыздоого чакырган билдирүүдө, Түркиянын да буга карата аракеттеринин уланаары баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.