Трампты колдогондугун көрксөтүү үчүн бийик имаратка тырмышып чыкты
Дональд Трампка колдоо берүү үчүн Trump Towerдын имаратына чыккан жаш жигит байкоого алынды
АКШда 8 - ноябрда боло турган президенттик шайлоодо Республикачыл партиянын талапкери ишкер Дональд Трампка колдоо берүү үчүн Trump Towerдын имаратына чыккан жаш жигит байкоого алынды.
Нью – Йорктун Манхаттан аймагында бир жигит рюкзагы менен Trump Tower имаратына чыгып, Нью – Йорктогу коопсуздук жана өрт өчүргүч топтору аракетке өттү.
Нью – Йорк полициясы имарат турган 5 - проспктини унааларга жапты жана бийик имараттын терезелерин ачып ким экени белгисиз жаш жигитти күтө баштады.
Виргиния аймагынан экендиги билдирилген 20 жаштагы жаш жигит Трамп шайлоо үчүн үгүт жүргүзүү борбору катары коллонгон 58 кабаттуу бийик имараттын 21 - кабатында полициянын күчү менен токтотулду.
21 - кабатта эки полиция тарабынан кармалган жаш жигит коомчулуктун тынчтыгын бузуу менен байкоого алынды. Байкоого алынган жаш жигит Трампты колдогондугун билирди.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.