БУУга Халебге дагы көп көмөк көрсөтүү чакырыгы салынды

Жыйынга ыктыярдуу доктурлар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана бул тармактагы серепчилер катышты.

548559
БУУга Халебге дагы көп көмөк көрсөтүү чакырыгы салынды

Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин (БУУКК) баш ийдирүүчүлүгү болбогон расмий эмес түрдөгү “Аррия формуласы” жыйынында Сириянын Халеб шаарындагы тургундардын абалы тууралуу сөз кылышты.

Жыйынга ыктыярдуу доктурлар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана бул тармактагы серепчилер катышты.

Абадан куралдуу күчтөрдүн бомбалоосунан улам кулаган ооруканалардын жана бейтаптардын сүрөттөрү, видеолору көрсөтүлгөн жыйында Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешин жана эларалык коомчулукту дагы көп көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Сирия-Америка медицина коомунун жетекчиси, доктор Захер Сахлул жыйындагы кайрылуусунда Сириянын режим күчтөрү 250 миң калкы бар Халеб шаарынын чыгышын курчоого алгандыгын айтты.

Самер Аттам аттуу хирург да 12 жылдан бери чыр-чатак болгон аймакта иштегендигин белгилеп, Сириянын Халеб шаарындагы “уялта турган” кайгыны эч бир жерде көрбөгөндүгүн айтты.

БУУнун баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча жооптуу жардамчысы Стефен О’Бриен өз сөзүндө Халебге жардам жөнөтүлүшү үчүн жумасына 48 саат чыр-чатактардын токтоп турушу керектигин айтты.

Жыйындын уюштуруучуларынан АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Саманта Павер: “Тургундардын саясий соодалашуу жана согуш тактикасы үчүн колдонулбастыгын баса белгилеп кетишибиз керек,” – деп айтты.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн жардамчысы Владимир Сафронков АКШны жана батыштык кесиптештерин айыптап, “Мыйзамдуу Сирия режиминин террор менен күрөшүү чаралары тууралуу талкуулагандан мурда, андагы көйгөйдүн түпкү себебин моюнга алуулары керек,” – деп кайрылды.

Венесуэлалык дипломат Диего Арриянын атын алган “Аррия формуласы” жыйыны БУУККтун мүчөлөрүнүн соңку жылдарда колдонгон ыкмаларынан бири болуп саналат. Бардык мүчөлөрүнүн катышуусу зарыл болбогон бул жыйын ийкемдүү графикте иштейт.



Тектеш кабарлар