Украина депутаты ачкачылык баштады
Надежда Савченко 2014 - жылы Орусия жактоочулары тарабынан барымтага алынып Орусияга качырылган болчу
![Украина депутаты ачкачылык баштады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ae28/6026/751b/57a07e9bbc13b.jpg?time=1719145684)
Европа кеңешинин парламентарлар ассамблеясынын мүчөсү жана Украина депутаты Надежда Савченко Орусиянын жана орус жактоочуларынын колундагы украиналык туткундардын эркин койо берилбешине байланыштуу дүйнөнүн үнсүз калуусуна каршылык көрсөтүү үчүн ачкачылыкты баштады.
Надежда Савченко өткөргөн пресс – жыйында андан мурда да дүйнөнүн өзү үчүн күрөшкөндөй, украиналык туткундардын өзү үчүн күрөшкөндөй өзүнүн да украиналык туткундардын эркин койо берилиши үчүн ар түрдүү методдор менен күрөшүп көргөндүгүн айтты.
Украинанын чыгышындагы Орусия жактоочуларына карата операцияларга ыктыярдуу катышкан Украина армиясынын бир гана аял учкучу лейтенант Надежда Савченко 2014 - жылы Орусия жактоочулары тарабынан барымтага алынып Орусияга качырылган болчу.
Орус сотуна чыгарылып 22 жыл абак жазасына тартылган Савченко орус абагында камоого алынгандыгын жана кылмышкерлигине каршы чыгуу үчүн ачкачылыкты баштаган. Андан кийин Савченко жана Украинада абак жазасына тартылып эки орус чалгындоо кызматкери Евгений Ерофеев менен Александр Александров бир убакта өлкөлөрүнө жиберилген болчу.
Орусияда камоодо отурган кезде Савченко мурунку премьер – министр Юлия Тимошенконун «Ата Мекен» партиясынын депутаттыка талапкер көрсөтүлүп, өлкөдө болгон эрте шайлоодо депутат болгон болчу.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719145685)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719145685)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.