Канадада да ФЕТӨ уюмуна каршылык көрсөтүлдү
Канаданын Мон- Реал жана Калгари шаарларында жашаган түрктөр улуттук эрк жана демократия жүрүшүн өткөрүштү.
![Канадада да ФЕТӨ уюмуна каршылык көрсөтүлдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8cec/54dc/146c/5795b7cd04c33.jpg?time=1719069840)
Канаданын Мон- Реал жана Калгари шаарларында жашаган түрктөр улуттук эрк жана демократия жүрүшү менен ФЕТӨнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүштү.
Иш-чаранын уюштуруучусу Канаданын түрк платформасынын жетекчиси Месут Кочак, Түркияда демократияга каршы уюштурулган төңкөрүшкө өз позицияларын билдирүү максатында бул жүрүштү өткөрүп жаткандыктарын айтышты.
Жүрүшкө катышкан Түркиянын жарандык авиация бирикмесинин өкүлү Али Рыза Чолак да: “Биз бир-бирибизди басынтпасак, эч ким бизди басынта албайт. Бул чыккынчылыкты кылгандар жана аларга колдоо көрсөткөндөр белгилүү. Аларга өз максаттарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербейбиз”,-деди. Андан соң төңкөрүштө шейит кеткендерге арналып куран окулду.
Жүрүшкө чыккан жүздөгөн кишилер ФЕТӨнүн мүчөлөрү жашаган үйлөргө, жумуш орундарына барып ураан-чакырыктар менен каршылык көрсөтүштү.
Канаданын Алберта штатындагы Калгари шаарында улуттук эрк жана демократия жүрүшү болду. Ага 300 км узактыктагы Эдмонтон шаарында жашаган түрктөр да катышты.
Каршы чыгууга Калгари жергиликтүү мекемесинин алдына топтолгон жүздөгөн түрктөр мамлекет башчысы Эрдоганды колдогон баннерлерди көтөрүп жүрүштү. Жүрүшкө ошол аймактагы канадалыктар да колдоо көрсөтүштү.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719069840)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719069840)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.