Кытайда катуу жамгыр жаашы менен сары сигналдар берилди
Пекинде катуу жамгыр жаашы менен тоолу аймактар үчүн жер көчкүнүн болору эскертилди
Катуу жамгыр жаашы Пекиндеги кээ бир поезд каттамдарында кечигүүгө себеп болду. 200 учак каттамы токтотулду же кечеңдетилди. Кытай улуттук метеорология борбору да эртеңкиге чейин созулушу күтүлгөн катуу жамгырга каршы Хыбей аймагы үчүн кызыл, Хунан, Циангсу жана Юннан сыяктуу өлкөнүн орто жана чыгыш, түштүк бөлүктөрүндөгү бир топ аймак үчүн кызгымтыл сары сигнал берди. Жетекчилер Хыбей аймагында катуу жамгыр жаашы менен бир кишинин каза болгондугун, сегиз кишинин да жоголгондугун билдирди. Өлкөдө абаны эскертүү системасы көк, сары, кызгымтыл сары жана жогорку деңгээлдеги кызыл түс болуу менен төрт баскычтан турат.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.