Кытайда катуу шамал

Шамалдын ылдамдыгы саатына 100 километрге жетти

526214
Кытайда катуу шамал

Кытайдын чыгыш жээктеринде таасирдүү болгон тропикалык шамалдын айынан 400 миңден ашуун киши көчүрүлдү.

Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, Фужиан аймагына терс таасирин тийгизген жана ылдамдыгы саатына 100 километрге жеткен шамалдын себебинен ал аймактагы учак жана поезд каттамдары да жоюлду.

Тайванда да кечээ таасирдүү болгон «Непартак» аттуу тайфундун айынан 2 киши каза болуп, 72 киши жарат алган болчу.



Тектеш кабарлар