Пакситанда сел жүрүп Кытайды да суу басты
Пакистандын түндүгүндөгү Читрал аймагында болгон селде 30 киши каза болду
Пакистандын түндүгүндөгү Читрал аймагында болгон селде 30 киши каза болду. Читрал муниципалитетинин башчысы Магфират Шах муссон жамгырлары жол ачкан суу бакскындары Читрал аймагындагы бир мечитти жана көп сандаган үйдү алып кеткендигин белгиледи. Жаман аба шарттарынын куткаруу иштерине бөгөт болгондугун айткан Шах сөөктөрдүн аныкталгандыгын айтты. Апаатты башкаруу мекемесинин катчыларынан Юсуф Зия болсо изилдөө – куткаруу топторунун суу астында калган мечиттин жамаатынан 7 кишинин сөөгүнүн табылгандыгын билдирди.
Пакистандын Түндүк Батышындагы Афганстандын чек арасындагы тоолуу Читрал аймагында өткөн жылы июль айында дарыялардын ташуусу менен 30 киши каза болуп, ондогон үй суу астында болуп, бир топ көпүрө чөккөн болчу. Бир тараптан Кыйтайдын Шанши аймагынын Цинчин шаарында да көмүр шахтасын суу басып, 12 киши шахтада калды. Синьхуа агенттигинин кабарына караганда суу баскан учурда шахтадагы 82 киши куткарылды. Изилдөө – куткаруу топторунун аймакта иштери улантылууда. Шахта кырсыгы тууралуу териштирүү баштатылды.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.