Жоголгон Египет учагынын кара кутусу

Оңдолгон кара кутулардан алынган маалыматтарга караганда учак кырсыкка учурагандан мурда түтүн сигналын берген

521268
Жоголгон Египет учагынын кара кутусу

19 -  май күнү Париж  - Каир каттамына чыгып Жер Ортолук деңизине түшкөн Египет учагынын оңдолгон кара кутуларынан алынган алгачкы маалыматтарга караганда учак кырсыкка учурагандан мурда түтүн сигналын берген.  Узун убакыт табылбаган жана Египеттин 290 километр жакынындагы 3 миң метр тереңдикте табылган кара куту Франциянын борбор шаары Парижде оңдолгондон кийин Египетке жиберилди.

Кара кутуну изилдөөлөрдө учак кырсыкка учурагандан мурда кол жуучу жерден жана учактын ичиндеги электр системасынан түтүндүн келгени боюнча маалымат алынды. Кокпиттеги үндөрдү жазып  калган башка кара куту болсо Парижде оңдолууда. Египет жүргүнчү учагынын кырсыкка учуроосу менен 10 экипаж, 66 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар